Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ыймандуулуктун, жан-дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы экенин белгиледи.
«Элибизди тынчтыкты, биримдикти бекемдөөгө, адамдарды бири-бирине жардамдашууга, урмат-сый менен мамиле жасоого чакырат. Орозо айында муктаж адамдарга көңүл буруп, садага берип, достук жана бир туугандык мамилелерибизди бекемдеп, пейилибизди оңдоп, соопчулук иштерин жасайлы. Аруу тилек, асыл максаттар менен күткөн ыйык Орозо айы ар бир үй-бүлөгө жакшылык жана бакубатчылык, куттуу кыргыз жергесине береке алып келсин» деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
30 күндүк Орозо айы майрамдык айт менен жыйынтыкталат. (RK)