Израил армиясы түштүк аймакта коопсуздук чектөөлөрү алынып жатканын жарыялады. Газа тилкесиндеги ХАМАС уюмунун радиосу болсо Израил менен согушкер топтун ортосунда ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилгенин маалымдады.
Бирок тараптар бул тууралуу расмий билдирүү таратышкан жок. Кабарларга караганда, жергиликтүү тургундар акырындап күнүмдүк турмушка кайтып жатышат.
Акыркы 3 күндө Газа тилкесинен Израил тарапка 600дөн көп ракета атылган. Бир тобу ракеталарга каршы система тарабынан атып түшүрүлсө, бир нечеси турак жайларга тийген. Миңдеген киши үйлөрүн таштап, коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
Жооп кайтарып Израилдин аскерлери Газага абадан сокку урушкан. ХАМАС согушкер уюмунун тилкедеги жайлары бутага алынганы айтылганы менен, катардагы палестиндер турак үйлөргө да сокку урулганын ырасташууда.
Эки тараптан тең бир нече киши курман болгону кабарланды. Газада 23 киши каза тапты, арасында согушкерлер жана катардагы адамдар бар, Израилде 4 жайкын тургун мерт болду.
2014-жылдан берки эң чоң эскалация орозо айын жана Израилдин эгемендик күнүн утурлай башталган.
Андан тышкары Тел-Авивде Евровидение ыр сынагына даярдыктар жүрүп жатат.
Маалыматтарга караганда, атышууну токтотууга Египеттин ортомчулугу таасир этти.