Бул тууралуу 6-майда Түркиянын Жогорку билим берүү комитети расмий сайтында билдирди.
Буга чейин Түркиянын жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алууда бир бөлүмдүн 50 пайызын гана чет өлкөлүк абитуриенттерге берчү. Комитеттин жаңы чечими менен 2019-2010-окуу жылына карата университеттерге чет өлкөлүктөрдү кабыл алууда чектөөлөр жоюлган.
Бирок Түркиядагы жогорку окуу жайларынын медицина жана стоматология факультеттериндеги чектөөлөр күчүндө калды.
Түркиянын мамлекеттик стипендия программасынан (Türkiye Bursları) тышкары ар бир жогорку окуу жайы чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу боюнча жеке экзамендерин өткөзөт.
Түркиянын жогорку окуу жайларында 160 өлкөдөн 150 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын ичинде кыргызстандык эки миңдей студент бар. Алар негизинен инженерия, социология жана теология факультеттеринде билим алышат. (ElB)