Жети-Өгүздө жергиликтүү тургундан «өспүрүм кызга карата ыплас аракеттерди кылды» деп шек санаган айылдаштары аны сабап коюшту.
Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады:
- Ташбараңга алган эмес, мындай эле жанчып салышкан. «Денеге жаракат келитирилген» деп Жазык кодексинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.
Усубакуновдун айтымында, сабалган адам 31 жашта экени аныкталды. Ал 3-майда өспүрүм кызга карата ыплас аракеттерди кылган деп шек саналып жаткандыктан бул иш боюнча да өзүнчө тергөө башталды. Өзү ооруканада экени кабарланды. (AsM)