«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковду колдоп, ага тилектештик көрсөтүү максатында Кыргызстандагы маалымат каражаттары 13-май күнү, саат 11:00дө Исаковдун «Ош: Салыктан буйтаган ишкерлер» деп аталган иликтөөсүн обого чыгарышмакчы. Орус тилдүү маалымат каражаттары үчүн иликтөө орус тилине которулган.
Бул тууралуу медиа эксперт Азамат Тынаев жарыялады.
«Журналисттердин куралы – маалымат менен чындык. Атамбаев Ыдырыстын үнүн басам деп турабы? Анда биз ага да, дегеле «маалымат каражаттарын тизелетебиз, коркутабыз, эбегейсиз акчага жыгабыз» дегендерин баарына Ыдырыстын үнү – бул жеке жана жалгыз үн эмес экенин, бул бүткүл Кыргызстандагы медианын үнү экендигин, бул ондогон-жүздөгөн үндөр экендигин көрсөтө турган убакыт келди», - деди медиа эксперт.
Журналисттердин тилектештиги #Ыдырыстан_колуңарды_тарткыла жана #Кыргызстандын_журналисттери_коррупцияга_каршы деген ураандардын алдында өтмөкчү.
7-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.
Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулуктун алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн. (ZKo)