Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Медиа коомчулук журналистти колдоого чакырды


Медиакоомчулук "Азаттыктын" журналисти Ыдырыс Исаковду коргоого чакырган кайрылуу менен чыгышты.

Жума күнү Бишкектеги медиа уюмдар менен эксперттер иликтөө журналистикасындагы тобокелдиктерди ушул маселеге байлап талкуулашты.

Тегерек үстөлдөгү талкууга "Интерньюс", "Медиа полиси", "Журналисттик иликтөө" жана "Сорос-Кыргызстан" фонддору, "Адилет" укуктук клиникасы өңдүү уюмдардын жетекчилери жана Азамат Тынаев, Марс Тулегенов, Вячеслав Гончаров өңдүү белгилүү медиа-эксперттер катышты.

Талкууда иликтөөнүн максаты жана мааниси тууралуу "Азаттык-Медиа" мекемесинин директору Айзада Касмалиева жана иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков маалымат беришти.

Айзада Касмалиева журналисттик иликтөө өтө кыйын жанр экенин, кээ бир иликтөөлөр бир нече айды талап кыларын айтып өттү.

Айзада Касмалиева. (солдо)
Айзада Касмалиева. (солдо)

"Бардыгыңыздар билгендей маркум кесиптешибиз Улан Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” деген иликтөөсүнөн кийин соттошуулар жүрүп, биринчи инстанцияда утулуп калдык. Менде ушундай ой калды, эгерде башка журналисттер дагы бул окуяны казып, иликтесе, доо арыз бергендерге баш көтөргөнгө мүмкүнчүлүк аз болмок. Маселени башка агенттиктер терең иликтебей, кызыкпай койгону биздин коомчулук үчүн минус. Кайсы бир резонанстуу окуяны бир маалымат агенттиги жазып салды дебестен, башкалар андан ары иликтесе бардыгыбызга жеңил болмок".

Бийлик унчукпайт...

Ыдырыс Исаков ушундай олуттуу маселелерге биринчи кезекте бийлик реакция жасашы керек деген пикирин билдирди:

Ыдырыс Исаков
Ыдырыс Исаков

​"Мен иликтөөмдө эл билип, ошол эле учурда бийлик билбей жаткан фактыларды көрсөтүү аракетин кылдым. Ал канчалык деңгээлде максатына жетип, бийликке “шапалак” болгону мага азырынча суроо болуп турат. Мен бул жерде ишкер Жалил Атамбаевдин болгону бир фирмасындагы салык жашырууну ачыкка чыгардым. Маалыматтардын бардыгы Интернет портал жана башка ачык булактардан алынды. Мен өзүмдүн ишимди аткарганым менен, бийлик азыркыга чейин элдин кызыкчылыгына иштей турган милдетин аткарбай жатканы өкүндүрөт".

Талкууда Ыдырыс Исаковдун жагдайы коомдогу проблеманы көтөрүп чыккан журналисттерге карата басымдын айкын үлгүсү катары белгиленди. Буга соттордун мамилеси да шыкакчы болуп жатат. Мындай пикирин “Медиа полиси институтунун” юристи Алтынай Исаева билдирди:

"Доо арызды берүүдө атайын мыйзам талабы бар. Бул талаптар сакталбаганда сот ишти кароого албашы керек. Бизге учурда доо арыз берген тарап 50 млн. сом моралдык зыян тартканын кайдан алганын айта элек. Муну соттор дагы ишти кароого алардан мурда бул сандар кайдан чыкканын талап кылып сурашы керек болчу. Ошондой эле Ыдырыс Исаков расмий Бишкекте иштеп, Ошто иш сапарда жүргөндүктөн бул иш Ошто эмес, Бишкекте каралышы керек деп ойлойбуз жана бул суроолордун бардыгын сотто беребиз".

Доо арызсыз журналистика

“Интерньюс” Эл аралык уюмунун Кыргызстандагы директору Елина Каракулованын пикиринде, сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчтө Кыргызстандын алга жылышына дал ушундай доо арыздар тоскоолдук кылып жатат. Ал сөз эркиндигин сыйлаган өлкөдө журналисттерди сотко берген көрүнүштөр таптакыр болбошу керектигин айтууда.

Елина Каракулова
Елина Каракулова

​"Уланбек Эгизбаевдин ишин улантууну каалаган журналисттер көп. Эгерде Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүн мисалга алсак, материалда келтирилген маалыматтардын бардыгы ачык булактардан алынган. Эмне үчүн бизде 50 млн. сомдук доо арыздар берилип жатат? Бул көрүнүштөн качан токтойт? Эмне үчүн биз аткаминерлер менен ишкерлерге доо арыз бергенге мүмкүнчүлүк берип жатабыз? Алар журналисттер кандай айлык акыга жашай турганын билишпейт. Эмне үчүн мындай доо арыздар кабыл алынып жатат? Соттор доо арыз келди деп эле карай беришеби, бул көрүнүштөрдү токтотуу керек".

Тегерек үстөлдүн катышуучулары соңку кезекте журналисттерге берген доо арыздардын суммасы ыксыз көбөйүп жатканын кескин айыптап, атайын резолюция кабыл алышты. Жыйынга бийлик өкүлдөрүнөн мүчөлөр чакырылганы менен келген жок.

​Жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерди бийликке жеткирүү маселеси колдоо тапты. Ал эми журналист Ыдырыс Исаковго карата берилген соттук доо арызды негизсиз деп атаган катышуучулар, журналистке юридикалык жардам берүүдөн тышкары, ЖМК арасында түрдүү флешмобдор менен тирек болуу сунуштары айтылды.

Мисалы, медиа эксперт Азамат Тынаев ЖМК өкүлдөрүн макулдашылган бир күнү өздөрү иштеген телеканалдарга, радиолоруна жана Интернет сайттарына Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүн жайгаштырууну сунуштады.

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

"Кыргызстандын бүт ЖМКлары биздин тилектештигибиздин, коррупцияга каршы күрөшүбүздүн далили деп Ыдырыстын акыркы атайын иликтөөсүн сайттарынан, телеканалдарынан, аудиосун радиодон бир күнү, бир убакта, бир саатта бирдей беришсе күчүбүздү көрсөткөндөй болуп калат элек. Ошондо өзүбүзгө болгон ишеничибиз, сыйыбыз өсмөк".

Ал арада Ош, Жалал-Абад жана Баткендин 125 журналисти Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулуктун алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, ишти өз көзөмөлүнүнө алууну өтүнүштү.

Белгилей кетсек, 30-апрелде Кыргызстандын журналисттери жана жарандык коом өкүлдөрү жогорудагыдай мүнөздөгү ачык катты өлкө башчысына жолдошкон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG