Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Мамбеталиев: Президент медиага каршы күрөш жүргүзбөшү керек


Кубан Мамбеталиев.
Кубан Мамбеталиев.

3-май Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү катары дүйнөнүн көп мамлекеттеринде белгиленет.

Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун талдоосуна ылайык, Басма сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан быйыл 180 мамлекеттин арасынан 83-орунга жылды. Былтыр 98-орунда турган.

Журналисттер үчүн коопсуз мамлекеттер азайып жатат жана авторитардык режимдер маалымат каражаттарына дагы эле кысым көрсөтүүдө. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун жаңы баяндамасында ушундай бүтүм чыгарылган.

Баяндамада алдыңкы орунду үч жыл катары менен Норвегия ээлеп келет. Андан кийинки тепкичтерде Финляндия менен Голландия турат. Орусия былтыркы көрсөткүчтөн бир орунга төмөндөп, 149-орунду ээлеген.

Борбор Азия мамлекеттеринен арасынан Өзбекстан беш тепкичке өйдө көтөрүлгөн. Буга мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда камалган журналисттердин былтыр эркиндикке чыкканы түрткү болгон.

180 мамлекеттин ичинен эң акыркы орундарды Түркмөнстан, Эритрея жана Түндүк Корея ээледи.

Талдоочу, коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев ушул темада «Азаттык» радиосу менен ой бөлүштү.

Мамбеталиев: - Ошончо мамлекеттин арасында 83-орунду алганы – биздин өлкө үчүн дурус эле ийгилик. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда сөз эркиндиги бир топ артка кетпеди беле.

Журналисттерди олчойгон доого жыкканга аракет кылышпадыбы. Арасында «Азаттык» да бар. Атамбаевге чейин бир да бийлик «Азаттыкка» каршы доо арыз берген эмес. Андан тышкары, эл аралык стандарттарды карманып иштеген Нарын Айыпты жана башка журналисттерди сотко берип, жарга такап таштабадыбы. Анын баары мамлекет башчы алмашкандан кийин ордуна түшө баштады.

Азыркы президент да мурда бир медианы сотко берген эле, шайлоодо жеңип чыккан соң андан дароо баш тартты. Туура кылды. Антпесе, басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде быйыл алдыга эмес, артка кетмекпиз.

Алмазбек Атамбаев журналисттерди жүз миңдеген, миллиондогон доого жыгууну баштап берип, башкалар аны улантты. XVI кылымда жапондордун ойчулдары «маалымат – падышага эң биринчи курал» деп айткан. Мамлекет башчы маалыматка каршы күрөш жүргүзбөшү керек. Президент өлкөдөгү биринчи инсан катары Конституциянын кепили болушу шарт.

«Азаттык»: - Кечээ эле Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди аларга каршы доо арыз жазган Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге жалпысынан 600 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул жагдай кайра артка кетүүнү түшүндүрбөйбү?

Экс-президенттин каналы деп эле баса калуу да туура эмес. Аны сотко берген саясатчылардын намысы таптакыр өрттөнүп баратабы? Сотко берүү шарт эмес.

Мамбеталиев: - Албетте, сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет. «АпрельТВ» Атамбаевдин каналы болуп жатпайбы. «Экс-президенттин каналы» деп эле баса калуу да туура эмес. Аны сотко берген саясатчылардын намысы таптакыр өрттөнүп баратабы? Сотко берүү шарт эмес. Башкача жол менен жооп берсе болот да.

Журналисттер айтып чыккан маалыматтар эгер чындыкка дал келбесе, бөлөк басылмалар аркылуу жооп беришсин. Басма сөз жыйынын өткөрүшсүн. Ушундай маданияттуу жолдору бар эмеспи. Доо арыз берүүнү колдобойм. Алар коомдук кишилер. Коомдук кишинин даражасын көтөрө билиш керек. Аны түшүнбөй атышпайбы. Соттор деле дароо журналисттерди доого жыга бербей, жакшылап карашы зарыл.

«Азаттык»: - Журналисттер өздөрү сөз эркиндигинин эрежелерин канчалык туура сактап, колдонуп жатышат?

Мамбеталиев: - Журналисттер бир маалыматты жарыялардан мурда калчайт, өлчөйт, анан чыгарат. Сөздүктөгү эле сөздөр менен жазат, асмандан албайт. Ал – мыйзам бузуу эмес. Божомол түрүндө айтса же «башка булактар мындай деп атышат, баланча тигиндей деди» деп жазса, ал кадыресе көрүнүш. Ага ызылдап, жоопко тартпаш керек.

«Азаттык»: - Журналисттердин баары эле сиз айткандай маалыматтарды калчап, анан жарыялап жатабы?

Элге башы көрүнгөн, таанылган инсандар өзүнө байланыштуу жазылган макала-баяндарга терикпеш керек.

Мамбеталиев: - Бул эми башка маселе. Бул – журналисттин кесипкөйлүгүнө, сабаттуулугуна жараша болот. Албетте, карапайым кишилер жөнүндө жазганда такталбаган маалыматтарды берип, куру доомат койсо, анда журналист күнөөлүү. Ал үчүн жооп берүүгө тийиш. Муну журналисттердин баары билет.

Мен айтып жаткан маселе коомдук кишилерге тиешелүү. Элге төбөсү көрүнгөн, таанылган инсандар өзүнө байланыштуу жазылган макала-баяндарга терикпеш керек. Ишине айтылган, жазылган сын-пикирлер такпы, божомолбу - аны туура эле кабыл алуу зарыл. Сотко сүйрөгөнү дурус эмес. Негизи, ушундай эрежелерди камтып, «Коомдук кишилер жөнүндө» мыйзам кабыл алып коюш керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG