Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Сот «Супер-Инфонун» арызын канааттандырды


«Супер-Инфо» гезити.
«Супер-Инфо» гезити.

19-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Супер-Инфо» гезитинин жактоочуларынын арызын канааттандырып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) аталган гезитти салыктык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу эки токтомун жокко чыгарды.

Финполиция 2019-жылдын 26-февралында ««Супер-Инфо» 2016-жылдан ушуга чейинки убакыт боюнча салыктык текшерүүдөн өтсүн» деп токтом чыгарган. 27-февралда «2013-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин текшерилсин» деп дагы бир токтом чыгарган.

Гезиттин жетекчиси Шаиста Шатманова райондук соттун мындай чечимин сөз эркиндигин коргоодогу жакшы көрүнүш катары баалады:

Шаиста Шатманова.
Шаиста Шатманова.

«Финполдун инспектору чыгарган токтомдор мыйзамсыз деген өтүнүчүбүздү сот канааттандырды. Бул кадамыбыз Кыргызстандын сөз эркиндигинин эртеңине жакшы салымын кошот деген пикирдебиз. Мындан кийин мамлекеттик мекемелер жалпыга маалымат каражаттарына жөнү жок тийишпейт деп ойлойбуз».

Шаиста Шатманова 18-мартта Финполицияга чакырылып, сурак берген. Шатманова буга «ЖМКны колдоо борборунун» сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган жаңылыш маалымат негиз болгонун айткан. Ушундан улам ал жетектеген гезитке бийлик тараптан кысым болуп жатканын «Супер-Инфо» гезити боюнча өткөн Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген:

«Т. Насыкулов аттуу жарандын Финполицияга жазган арызынан кийин текшерүү башталыптыр. Ал ««Шамбала» жана «Пирамида» гезиттерин көп жылдан бери окуп жүрөм. Алар гезитте көрсөткөн нуска менен ал гезиттер басылып чыккан типографиянын сайтындагы маалымат туура келбейт экен» дептир. Бирок биз эч качан эч нерсени жашырган эмеспиз. Тираждын санын да дайыма ачык көрсөтүп келгенбиз. 100 миң же андан ашык болгон учурларда да аны ачык эле көрсөтчүбүз. Ал эми Финполицияны текшерүүсүн мыйзамсыз деп эсептейбиз. Финполиция жана Мамлекеттик салык кызматы тарабынан «Супер-Инфо» гезитине жөнү жок текшерүү жана кысым болуп жатат».

Финполиция азыр сот чечимине каршы сотко кайрылар-кайрылбасын билдире элек. Бул мекеме мурдараак ««Супер-Инфо» гезити курулай актанып жатат» деп маалымат тараткан. Мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур буларды белгилеген:

«Сотко чейинки иликтөө учурунда «ЖМКны колдоо борборунун» башкы буюртмачысы «Компьютер пресс» ЖЧКсы («Супер-Инфо» гезити) экени аныкталды, дал ушул гезит менен нуска боюнча айырмачылыктар бар экен. «Супер-Инфого» чейин биз бир нече гезиттерди текшергенбиз. Ошондуктан «Супер-Инфонун» минтип маалыматты бурмалап, актанып жатканын түшүнбөй жатабыз. Бул мыйзам ченемдүү эле процедура».

Гезит менен бир канча жылдан бери иштешип келген Бишкектеги «ЖМКны колдоо борборунун» жетекчиси Алмаз Курманкалиев да Финполициянын «Супер-Инфо» гезитин текшерүүсүн негизсиз деп эсептеп, арызда көрсөтүлгөн маалымат эски экенин бышыктады:

«Сайттагы маалымат Шаиста Шатманова айтып өткөндөй эски экенин расмий түрдө айта алам. Биз 5-февралда бул тууралуу 76 барактан турган түшүндүрмөнү Финполицияга жибергенбиз. Ал каттан кийин текшерүү өткөн. Биздин борбор басып чыгарган гезиттердин баарында, ошол эле «Супер-Инфонун» тиражында да айырмачылык жок. Ошондуктан Финполициянын эмнеге негиздеп текшерип жатканы мен үчүн да таң калычтуу болуп жатат».

Гезиттин негиздөөчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан басылманын айланасындагы жагдайды «гезитти тартып алуу же оозун жабуу аракети болушу мүмкүн» деп эсептейт. Ал гезит аркылуу өзүнө басым болуп жатканын кошумчалады:

Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

«Өткөн жылы сентябрда мен бийликтеги фактылар тууралуу ачыкка чыгарып айткам. Ошондон кийин мамлекеттик машина тарабынан мага жана мага байланыштуу адамдарга кысым болууда. Азыр юридикалык жактан гезиттин мага эч кандай тиешеси жок, бирок бир кезде мен жетектеген гезитке басым башталды».

Коомдук ишмер Эдил Байсалов мурдагы элчи гезиттеги абалды өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатат деп эсептейт.

«Элчи көп мамлекеттик сырларга ээ, бул башпаанек сурагандан кийин аны ошол мамлекет суракка алып, маалымат алды. Бул «саясий тактика болчу» деп өзүн актабай, кылган иши үчүн жоопкерчилик алышы керек. Бүгүн эми «тамашалап койдум» дейт. Эгер ар бир элчи ушинте берсе анда мамлекеттүүлүк жоголот. Кылган иш-аракети үчүн жооп бериши керек. Ал жетектеген гезит кандай маалымат жазып, ал өзү кантип элчи болуп калганы элге маалым. Ошол убакта эч кандай сөз эркиндиги туурасында сөз кылган эмес», - деди Байсалов.

Кандай болгон күндө да басылмага байланыштуу жагдай Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо маселесин козгоду. Жогорку Кеңештин эркин депутаты, мурдагы журналист Жанарбек Акаев муну бийликтин эркин медиага болгон кысымы деп эсептейт.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Күч органдары эркин медиага басым кылбашы керек. Ушинтип суракка чакырып жүдөтсөк алар чындыкты, коррупцияны жазбай калат деп түшүнүшөт. Бирок мен муну кыска ойлуулук деп айтат элем. Бийлик эркин медиадан коркпой, тескерисинче коррупция менен күрөштө аны пайдаланып, колдоосун алса болот», - деди ал.

«Супер-Инфо» гезити 2002-жылдан бери басылып келет. Ал тиражы жагынан Кыргызстандагы эң көп нускалуу гезит катары белгилүү. Ушул тапта тиражынын саны 60-65 миңдин тегерегинде.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG