Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:28

Доо арыз тушаган сөз эркиндиги

"Укугум бар" аттуу карикатура. Автору Дмитрий Милосердов.

Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Бишкекте «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аттуу көргөзмө ачылды. Иш-чаранын алкагында сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды.

Адистер көргөзмөгө коюлган эмгектердин мазмуну Кыргызстанда азыр деле сөз эркиндиги боюнча көптөгөн көйгөйлөр бар экендигин баяндаганын айтып жатышат.

Көргөзмөгө катышып жаткан Абдибайит Турсуматов «Улуу унчукпас» аттуу карикатурасынын маңызы тууралуу мындайча баяндады.

«Саясатта жүрүп, бирок элдин көйгөйүн көтөрбөй, бардык бийликтин тилин таап иштешип жүргөн кишилер болот го... Кыскасы өзүнүн кара жанын гана калкалайт. Бул - ошол каарман».

Абдибайит Турсуматовдун «Улуу унчукпас» аттуу карикатурасы.

Сүрөттө тирүү кезинде эле өзүнүн айкелине айланып, аны өз колу менен калкалап турган кара башыл киши. Автор кийинки эмгеги менен да коомдун жарасына туз сепкен экен. Аталган карикатурада маалымат жыйынынан бир элес чагылдырылган:

«Кандайдыр бир чуулгандуу окуялар болсо эле ушундай кишилер барып маалымат жыйынын өткөрө баштайт го. Мына, бул "Эмгек сиңирген кошоматчы", бул болсо "Жер басып алгыч", кийинкиси ОБОН. Булар ошондой кездерде коомдук пикирди жаратууга умтулуп, элдин атынан сүйлөшөт. Бирок, адаттагыдай эле мындай кишилердин эл арасында эч кандай кадыр-баркы, салмагы болбойт».

Көргөн адамды бырс күлдүргөн сүрөттөрдө өлкөнүн бүгүнкү саясий турмушу, анын басма сөз каражаттарында чагылдырылышы, баканын ансыз да сүйлөй албаган балыктарга сөз эркиндигин үйрөтүп жүргөнү, акчалуу көпөстөр айрым пресса өкүлдөрүнө сөөк ыргытып жатканы, ошол эле учурда журналисттердин сөз эркиндигине карата сабатсыз мамилеси баштаган көйгөйлөр тамашага салынган.

"Мамлекеттик ЖМКлар" карикатурасы. Автору Михаил Томилов.

3-май 1993-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Бүткүл дүйнөнүн басма сөз эркиндигинин күнү деп жарыялаган. Андан бери бул күн Кыргызстанда журналистикага тиешеси бар коомдук уюмдар тарабынан белгиленип келет. Адистер учурда Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы тепкичте турарын, бирок акыркы жылдары журналисттер бийлик өкүлдөрүнүн доо-арыздары менен тушала баштаганын айтышты.

Бул конкурста калыстык кылган Өмүрбек Сатаев сынакка түшкөн сүрөттөрдүн мазмунунан өлкөдө сөз эркиндиги боюнча дагы да көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар экендиги ортого салынган дейт.

«Мисалы, ошол эле цензура. Бийликтин сөз эркиндигине кол салып, басым көрсөтүп жатканы, кээ бир учурларда журналисттердин сатылып кеткени. Айтор, ар тараптуу учурлар ушул карикатуристтердин эмгектеринде чагылдырылып берилген. Бул биздин замандагы, коомдук турмуштагы көйгөйлөрдүн сүрөт аркылуу ачык айтылып жатканы десек болот».

Сатаев Кыргызстанда карикатура унутулган жанр экенин эске салып, бул жылы конкурска улуу муундагы карикатурачылар менен кошо ышкыбоз жаштар да ат салышканын кыстарды.

Сынака катышкан карикатуралар.
Сынака катышкан карикатуралар.

«Бийлик менен акча адамдын эркиндигин чектейт» деген темада тарткан карикатурасы менен кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин журналистика факультетинин 1-курсунун студенти Саламат Шакиров өзүнүн эмгегин тууралуу айтып жатып, бул жанрга эмнеге кызыгып жүргөнүн кеп кылды.

«Биздин коом китеп, текст окуудан качып калды. Андыктан мен карикатура жанрын кайрадан жандантуу керек деп ойлойм. Анткени биз азыр социалдык тармактарда адегенде сүрөткө көңүл бурабыз. Ошондуктан мен оюбузду сүрөт менен берүү жеңил болобу деп ойлодум».

Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек түшкөн. Алар калыстардын элегинен өтүп, 1-орунга «Сөз эркиндиги карикатурасы» үчүн Руслан Валитов, 2-орунду «Мамлекеттик ЖМКлар» карикатурасы үчүн Михаил Томилов, 3-орунду «Гүлдөрдүн тили» карикатурасы үчүн Перизат Турдубекова алды.

Көргөзмөнү «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы менен «Журналисттер» коомдук бирикмеси Хусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде уюштурган.

Сөз эркиндигинин көркөм дүйнөдөгү элеси

Айдар Касымбековдун "Жетишүү керек" аттуу карикатурасы. 
1/25 Айдар Касымбековдун "Жетишүү керек" аттуу карикатурасы. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
"Журналист эс алууда". Автору Руслан Валитов. 
2/25 "Журналист эс алууда". Автору Руслан Валитов. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
"Укугум бар" аттуу карикатура. Автору Дмитрий Милосердов.
3/25 "Укугум бар" аттуу карикатура. Автору Дмитрий Милосердов.
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
"Сөз эркиндигин колдонуп" аттуу карикатура. Автору Нурсултан Абдивалиев.
4/25 "Сөз эркиндигин колдонуп" аттуу карикатура. Автору Нурсултан Абдивалиев.
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек түшкөн. Алар калыстардын элегинен өтүп, 1-орунга Руслан Валитовдун "Сөз эркиндиги" аттуу карикатурасы арзыды. 
5/25 Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек түшкөн. Алар калыстардын элегинен өтүп, 1-орунга Руслан Валитовдун "Сөз эркиндиги" аттуу карикатурасы арзыды. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Сынакта эикнчи орунду ээлеген карикатура - "Мамлекеттик ЖМКлар". Автору Михаил Томилов.
6/25 Сынакта эикнчи орунду ээлеген карикатура - "Мамлекеттик ЖМКлар". Автору Михаил Томилов.
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
"Пресс конференция". Автору Абдибайит Турсуматов.
7/25 "Пресс конференция". Автору Абдибайит Турсуматов.
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
3-орунду Перизат Турдубекованын «Гүлдөрдүн тили» карикатурасы утуп алды. 
8/25 3-орунду Перизат Турдубекованын «Гүлдөрдүн тили» карикатурасы утуп алды. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
"Үн баскыч". Автору ташкенттик сүрөтчү Махмуджон Эшонкулов. 
9/25 "Үн баскыч". Автору ташкенттик сүрөтчү Махмуджон Эшонкулов. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
&laquo;Улуу унчукпас&raquo; аттуу карикатурасы.&nbsp;<br />
<br />
<span style="font-size: 1em;">&laquo;</span><em style="font-size: 1em;">Саясатта жүрүп, бирок элдин көйгөйүн көтөрбөй, бардык бийликтин тилин таап иштешип жүргөн кишилер болот го... Кыскасы өзүнүн кара жанын гана калкалайт. Бул - ошол каарман</em><span style="font-size: 1em;">&raquo; - деп сүрөттөдү анын автору&nbsp;</span>Абдибайит Турсуматов.
10/25 «Улуу унчукпас» аттуу карикатурасы. 

«Саясатта жүрүп, бирок элдин көйгөйүн көтөрбөй, бардык бийликтин тилин таап иштешип жүргөн кишилер болот го... Кыскасы өзүнүн кара жанын гана калкалайт. Бул - ошол каарман» - деп сүрөттөдү анын автору Абдибайит Турсуматов.
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Абдибайит Турсуматовдун дагы бир &quot;Кызматтык этика&quot; аттуу карикатурасы.&nbsp;
11/25 Абдибайит Турсуматовдун дагы бир "Кызматтык этика" аттуу карикатурасы. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
&quot;Сөз эркиндигин чектөө&quot;. Автору&nbsp;Абдибайит Турсуматов.
12/25 "Сөз эркиндигин чектөө". Автору Абдибайит Турсуматов.
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Махмуджон Эшонкуловдун &quot;Таш&quot; аттуу карикатурасы.&nbsp;
13/25 Махмуджон Эшонкуловдун "Таш" аттуу карикатурасы. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
&quot;Журналисттен интервью алуу&quot;. Автору Дарья Лещенко.&nbsp;
14/25 "Журналисттен интервью алуу". Автору Дарья Лещенко. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
15 жаштагы Жанайым Зарылбек кызынын &quot;Оппозициядан алысыраак&quot; аттуу карикатурасы.&nbsp;
15/25 15 жаштагы Жанайым Зарылбек кызынын "Оппозициядан алысыраак" аттуу карикатурасы. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Сынакка катышкан эмгектерди медиа уюмдардын алты өкүлү жана бир белгилүү кесипкөй сүрөтчү &ndash; Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрүнүн төрагасы Таалай Усубалиев кирген калыстар тобу баалаган.
16/25 Сынакка катышкан эмгектерди медиа уюмдардын алты өкүлү жана бир белгилүү кесипкөй сүрөтчү – Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрүнүн төрагасы Таалай Усубалиев кирген калыстар тобу баалаган.
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
&quot;Сөз эркиндигине жол бергиле&quot;. Автору Константин Шкурпела.&nbsp;&nbsp;
17/25 "Сөз эркиндигине жол бергиле". Автору Константин Шкурпела.  
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
&quot;Жемкор&quot; карикатурасы. Автору Абай Узакбаев.&nbsp;
18/25 "Жемкор" карикатурасы. Автору Абай Узакбаев. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
&quot;Ар бирибиз сөз эркиндиги үчүн күрөшүүбүз керек&quot;. Автору&nbsp;Михаил Томилов.
19/25 "Ар бирибиз сөз эркиндиги үчүн күрөшүүбүз керек". Автору Михаил Томилов.
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
3-май 1993-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Бүткүл дүйнөнүн басма сөз эркиндигинин күнү деп жарыялаган. Андан бери бул күн Кыргызстанда журналистикага тиешеси бар коомдук уюмдар тарабынан белгиленип келет.&nbsp;
20/25 3-май 1993-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Бүткүл дүйнөнүн басма сөз эркиндигинин күнү деп жарыялаган. Андан бери бул күн Кыргызстанда журналистикага тиешеси бар коомдук уюмдар тарабынан белгиленип келет. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
&quot;ЖМК полигон&quot; карикатурасы. Автору Абдибайит Турсуматов.&nbsp;
21/25 "ЖМК полигон" карикатурасы. Автору Абдибайит Турсуматов. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Айдар Касымбековдун &quot;Сенин акыркы сөзүң&quot; аттуу карикатурасы.&nbsp;
22/25 Айдар Касымбековдун "Сенин акыркы сөзүң" аттуу карикатурасы. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
&quot;Авторитет&quot;. Автору Эрик Садырбеков.&nbsp;
23/25 "Авторитет". Автору Эрик Садырбеков. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
&quot;Сууда сүзүү боюнча машыктыруучу&quot;. Автору Айдар Касымбеков.&nbsp;&nbsp;
24/25 "Сууда сүзүү боюнча машыктыруучу". Автору Айдар Касымбеков.  
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Көргөзмө 8-майга чейин уланат.&nbsp;
25/25 Көргөзмө 8-майга чейин уланат. 
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Артка
Алдыга

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG