Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Баяндама: Заманбап цивилизация табиятка зыян келтирүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдө өсүмдүк, курт-кумурска, жаныбардын бир миллиондой түрү жок болуу коркунучуна кептелди. 6-майда жарык көргөн ири баяндаманы 130 өлкө, анын ичинде АКШ, Орусия жана Кытай колдоду. 

Баяндамада глобалдык экономикалык жана финансылык системаларды кайра карап чыгуу аркылуу гана адамзаттын келечеги үчүн маанилүү экосистеманы жок болуп кетүү коркунучунан куткарып калса болору белгиленген.

Авторлор - 50 өлкөнүн 145 адиси экономикалык өсүшкө умтулуу, климаттагы өзгөрүүлөр жаратылышка зыян тийгизип жатканын баса көргөзүшкөн. Баяндамада дүйнө «өсүштөн кийинки» жаңы экономикалык форманы кабыл алышы керек деген кеңеш берилет.

XS
SM
MD
LG