Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Стамбулдагы мэр шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды


Түркиядагы шайлоо. 31-март. 2019-жыл.
Түркиядагы шайлоо. 31-март. 2019-жыл.

Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясы Стамбулдагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мэр шайлоо 23-июнга белгиленди.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» (АК) партиясы добуш берүү «коррупция жана мыйзам бузуу» менен коштолгонун белгилеп, сотко кайрылган.

31-мартта мэр шайлоодо оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу жеңип чыккан. Имамоглу АК партиядан талапкер, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдан 15 миң добуш көп алган.

Имамоглуга өлкөнүн Жогорку шайлоо комиссиясы мандат тапшырган.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырган.

Мыйзамга ылайык, шайлоо үкөктөрү менен мамлекеттик кызматкерлер иштеши керек. Эрдогандын айтымында, Стамбулдагы айрым шайлоо тилкелеринде бул талап аткарылган эмес.

Европа Биримдиги Түркиянын БШКсынын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин сынга алды. Анын дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө «Стамбулда кайра шайлоо өткөрүү демократиялык добуш берүү процесстерине карама-каршы келери» белгиленген.

XS
SM
MD
LG