Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:10

Сулайманов: Уранды чалгындо жана иштетүү түбөлүк токтотулат

Уранга каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.
Уранга каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.

Бул тууралуу парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери, талкууланып жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Алтынбек Сулайманов 7-майда уран маселеси боюнча коомдук талкууда билдирди.

Ушул тапта Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу коомдук талкуу өтүп жатат.

Аталган мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков.

Жогорку Кеңеш 2-майда республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алган. Төрага Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол боюнча маселе талкууланган жыйында парламент саясий чечим кабыл алганын билдирген.

Мунун алдында жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар митингдерди өткөрүшкөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алганда акыр-аягы уран чуусуна байланыштуу үн катып, «Кыргызстанда уран казылбайт!» деп билдирген. (EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG