Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

Рим Папасы тарыхый сапар менен Түндүк Македонияга келди


Католиктердин диний көсөмү Түндүк Македониянын борбору Скопье шаарында. 7-май, 2019-жыл.
Католиктердин диний көсөмү Түндүк Македониянын борбору Скопье шаарында. 7-май, 2019-жыл.

Рим папасынын тарыхында 7-майда Түндүк Македонияга биринчи жолу келген Франциск кызматынан кетип жаткан президент Горге Иванов менен жолукту.

Балкандагы үч күндүк сапарынын алкагында католиктердин диний көсөмү буга чейин Болгарияда болгон.

2,1 миллион калкы бар Түндүк Македония Болгария сыяктуу эле негизинен христианчылыктын православ багытын карманат. Ошондой эле бул өлкөдө калктын төрттөн бирин ислам динин тутунган албандар түзөт. Ал эми католиктердин саны болжол менен 15 миңдей.

Франциск Түндүк Македониядагы диний лидерлер менен жолугуп, баш калаа Скопьенин борбордук аянтында сыйынуу жөрөлгөсүн да өткөрөрү айтылган.

Ал Түндүк Македонияга президенттик шайлоодон эки күндөн кийин келди. 5-майдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бийликтеги Социал-демократиялык партия колдогон талапкер Стево Пендаровски 52 пайыз добуш менен уткан. Анын атаандашы, улутчул оппозициянын талапкери Гордана Силяновска-Давкова добуштардын 44 пайызын алды.

XS
SM
MD
LG