Ооганстандын түндүк-батышындагы Тахар провинциясында талибдердин өткөрмө-бекетке кол салуусунан онго чукул киши каза болду. Облустук кеңештин төрагасы Вафиулла Рахманинин айтымында, 6-майда курман болгондордун баары коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү. Чабуул үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды.
Согушкерлер 18 жылдык согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөр кызып жатканына карабастан, дээрлик күн сайын коопсуздук күчтөрүнө кол салып келе жатышат.
Ал эми Фарах провинциясындагы талибдер көзөмөлдөгөн маңзат лабораторияларына жасалган коалициялык күчтөрдүн аба соккуларынан 12 жоочу жок кылынганы маалым болду.