Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Президент театрлардын абалын көрүп чыкты


Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык драма театрында. 7-май, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык драма театрында. 7-май, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 7-майда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барды.

Кыргыз драма театры акыркы жолу тогуз жыл мурда оңдолгону, азыр оңдоп-түзөөгө жана материалдык-техникалык базаны жаңылоого 76 млн. сомдон ашуун каражат керек экени, жылына театр өзү тапкан каражатка алты спектакль тартуулап жатканы айтылды.

Орус драма театрында оңдоп-түзөө 3-4 жыл мурда болгону, азыр жаңылоого 114 млн. сом керек болуп жатканы, жылына алты жаңы спектакль көрсөтүлөрү белгилүү болду.

Мамлекет башчысы эки театрдын имараттарын көрүп чыгып, тез арада капиталдык оңдоп-түзөө үчүн каржылоону тездетиш керек экенин белгиледи. Ал начар шартта эмгектенип келген, бирок ишине берилген чыгармачыл жамааттарга ийгилик каалап, каржылоо маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө убада берди.

XS
SM
MD
LG