Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Майк Помпео Германиядагы сапарын күтүүсүз токтотту


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

АКШнын Финляндияда жүргөн мамлекеттик катчысы Майк Помпео Германиядагы сапарын токтотту. Анын басма сөз катчысы Морган Ортагус немис канцлери Ангела Меркел жана тышкы иштер министри Хайко Маас менен боло турган жолугушуу башка учурга жылдырыла турганын айтты.

- Тилекке каршы, биз Берлинде белгиленген жолугушууну өтө зарыл иштерден улам жылдырышыбыз керек, - деди Морган Ортагус.

Майк Помпео 5-6-майда Финляндияда Арктикалык кеңештин жыйынына катышты. Ал 9-майга чейин Европаны кыдыра турганы, Германиядан тышкары Лондонго жана Гренландияга бара турганы айтылган.

Ал арада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Майк Помпео 14-майда Сочиде орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен жолугарын кабарлады. Эгер Лавров менен Помпео жолуга турган болсо, бул алардын акыркы күндөрдөгү экинчи кездешүүсү болмокчу. Алар 6-майда Финляндияда жолугушуп, Венесуэладагы саясий жана конституциялык кризисти талкуулашкан.

Москва Венесуэла чатагында президент Николас Мадурону, ал эми АКШ спикер Хуан Гуайдо баштаган оппозицияны колдоп жатат.

XS
SM
MD
LG