Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Сауд Арабиясынан качкан эже-сиңди грузин паспортун алды


Эже-сиңди.
Эже-сиңди.

Саударабиялык эже-сиңди, 28 жаштагы Маха Ал-Субайе менен 25 жаштагы Вафа Ал-Субайе аларды колдогондорго ыраазычылык билдиришти.

Кубанган кыздар 7-майда «Твиттерге» жарыялаган кыска видеодо грузин паспортторун көрсөтүп, Грузиядан кетип баратканын айтышкан, бирок кайсы мамлекетке барарын кабарлашкан жок.

«Биз Грузиядан кетип жатабыз. Биз жаңы өлкөдө жаңы жашоону баштайын деп турабыз», - деди алар. Видео грузин аба майданында тартылган сыяктуу.

Грузин бийлиги бул тууралуу эч кандай маалымат тарата элек.

Грузияда камалып калганын айткан саударабиялык эже-сиңди өткөн айда социалдык тармактар аркылуу эл аралык коомчулуктан жардам сураган. Алар үй-бүлө зомбулугунан качып келатышканын, эгер Сауд Арабиясына барса өлүм жазасына тартыларын айтышкан.

18-апрелде кыздар «Эркин Европа/Азаттык» үналгысына Грузияга Саудиянын жарандары үчүн виза режими жок болгондуктан гана келишкенин билдирген.

«Биз Грузия тууралуу эч нерсе билбейбиз. Биз бул жакка визасыз режим болгон үчүн гана келдик. Бизде башка жол калган жок» деп билдиришкен алар.

Бириккен Улуттар Уюмун кыздарга жардам берүүгө чакырган петицияга 40 миң киши кол койгон.

XS
SM
MD
LG