7-майда Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө карата өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык турнирде «Достук» жана «Сары-Өзөн» командаларынын оюнчуларынын ортосунда мушташ чыкты.
Экинчи таймдын акырында, эсеп 5:2 болуп жаткан кезде «Достуктун» оюнчусу Манас Ниязов менен «Сары-Өзөндүн» улакчысы Нурбек Юсупов алгач аттын үстүнөн жөөлөшүп, кийин жерге түшүп мушташа кеткен. Урушка башка оюнчулар да ат үстүнөн аралашып, бири-бирин жөөлөшүп, кийин эки улакчыны ажыратып калышты.
Оштун «Достук» командасы менен Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасынын оюну 10:4 эсебинде аяктап, финалга «Достук» жолдомо алды.
Алар финалда Таластын «Ынтымак» командасы менен беттешет. Биринчи орун үчүн оюндар 9-майда өтөт. Бул турнирди Көкбөрү федерациясы уюштуруп жатат.