Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Бишкекте Кайгуул милиция кызматы иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында Кайгуул милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке аша баштады. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Түзүмдү кайрадан түзүүнүн негизги максаты - жарандардын ишенимин арттырган, ишенимдүү коргоочу жана өнөктөш катары көрө турган милицияны түзүү. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу маанилүү максаттардан болуп саналат», - деп жазылат маалыматта.

Долбоордун алкагында башкармалыкка талапкерлерди кабыл алыш үчүн сынак жарыяланды.

Быйыл февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча буйрукка кол койгон.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин жол тескөөчү кызматы Кайгуул милициясы деп аталып, кийин кайра Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы деп өзгөртүлгөн эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG