Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Айтматов сыйлыгын берүүдө көзөмөл күчөтүлөт


Асел Кодуранова Чыңгыз Айтматов сыйлыгын Олжас Сулейменовго тапшырып жатат. Санкт-Петербург.
Асел Кодуранова Чыңгыз Айтматов сыйлыгын Олжас Сулейменовго тапшырып жатат. Санкт-Петербург.

Жогорку Кеңеш КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу боюнча токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Эл өкүлү Тазабек Икрамов эми сыйлык берүүдө көзөмөл күчөтүлө турганын «Азаттыкка» билдирди. Сыйлык берүү тартибин өзгөртүүнү парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети сунуш кылган.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 2012-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен негизделген. Ал адабиятка жана маданиятка кошкон салымы үчүн КМШдагы маданий ишмерлерге берилип келет. Сыйлыкка кошумча катары Жогорку Кеңештин бюджетинен 30 миң доллар тапшырылат. Кыргызстандан бул сыйлыкка 2016-жылы Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ээ болгон.

2018-жылы КМШ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйынында Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылган.

2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан. Каражатты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров колуна алганы белгилүү болгон.

Акча кымырылып кеткен учурда комитетти депутат Аскарбек Шадиев жетектеп, акчаны алууну сураган кызматтык катка кол койгону аныкталган. Кылмыш иши козголуп, Закиров камакка алынган, Шадиев АКШга качып кеткен. Аскарбек Шадиевдин депутаттык мандаты да алынды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG