Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Шадиевдин атынан билдирүү чыкты


Депутаттык мандаттан ажыратылып, издөө жарыяланган Аскарбек Шадиев фракциядан чыгуу жана депутаттык ишмердигин токтотуу боюнча эч кандай арыз бербегени кабарланды.

"Шадиевдин билдирүүсү" деген кагаздын нускасын 24.kg маалымат агенттиги 5-ноябрда жарыялады.

Анда экс-депутат эч кандай кагазга кол койбогону, бул туурасында эч ким менен сүйлөшпөгөнү айтылат. Анын партиялаштарын кимдир-бирөөлөр колдонуп, бурмалоого жол берилгени белгиленген.

"Шадиевдин билдирүүсү" деп аталган жазууда аны мандаттан ажыратуу одоно мыйзам бузуу катары сыпатталган. Ошондой эле Шадиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши негизсиз экени, саясатташканы белгиленген. Анын өлкөдөн мыйзамсыз жол менен чыгып, качып кеткени тууралуу маалыматтар да чындык эмес экенин кошумчалаган.

Бул билдирүүнү Шадиевдин өзү жаздыбы же башкабы, "Азаттык" азырынча тактай алган жок, анын чоо-жайы иликтенип жатат.

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы негиз болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 1-июнда маалымат таратып, Шадиев Кыргызстандан качып кеткенин билдирген. Анын АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү", "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренелери менен иш ачылып, айыптар тагылган. Шадиев азыр укук коргоо органдарынын издөөсүндө.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга парламенттеги "Бир Бол" фракциясы жазган арыз негиз болгонун БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 5-ноябрдагы брифингде билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG