Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Кыргызстандык режиссердун фильми эл аралык сынакта сыйлыкка татыды


Караш Жанышов, режисер.
Караш Жанышов, режисер.

Кыргызстандык жаш режиссер Караш Жанышовдун «Кош бол» аттуу кыска метраждуу тасмасы Германияда өткөн «​Oberhausen»​ эл аралык фестивалында атайын сыйлыкка татыды.

Кыска метраждуу тасмалардын фестивалы 1960-жылдан тартып Эл аралык кинопродюсерлер ассоциясына катталгандыктан анын жеңүүчүлөрү автоматтык түрдө «Оскар» сыйлыгына номинант боло алат.

Бул фестивалга кыргызстандык белгилүү режиссерлор Болот Шамшиев, Шамил Жапаров, Эрнест Абдыжапаров катышкан.

Караш Жанышов фестивалга «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы менен барган. «Кош бол» тасмасы буга чейин «Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» фестивалында жеңүүчү болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG