Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Депутат: Парламент алсыз болуп калды


Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы. Ноябрь, 2018-жыл.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы. Ноябрь, 2018-жыл.

Парламент коомдогу орчундуу маселелерди журналисттер көтөрүп, коомчулук социалдык тармактарда жазып чыккандан кийин гана билип, реакция жасап жатат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиева 8-май күнү Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда билдирди:​

- Урматтуу кызматташтар, уран маселесин да, Жалил Атамбаевдин маселесин да парламент көтөргөн жок. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Журналисттер алып чыгышты, социалдык тармактарда жазылды, көтөрүлдү. Андан кийин гана парламент реакция кылып жатат. Орчундуу маселелерди журналисттер көтөрбөсө, парламент көтөрө албай жатат. Мындай маселелерди депутаттар өздөрү казып, өздөрү көтөрүп чыгышы керек. Бирок бизде андай боло албай жатат.

Депутат кызматташтарын коомчулук көтөргөн орчундуу маселелерди аягына чыгарууга, көзөмөлгө алууга чакырды.

Азыркы чакырылыштагы парламент 2015-жылы шайланып келген. Алты саясий партиядан алты фракция бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG