Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Браконьерлик кылган жарандын менчик жери мамлекетке өттү

Ысык-Көлдө атылган ак куу. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көлдө атылган ак куу. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган жарандын менчик жери мамлекетке өткөрүлүп берилди. 

Мындай чечимди Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук соту 6-май күнү чыгарды. Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин маалыматы боюнча, Жети-Өгүз райондук соту былтыр сентябрда жергиликтүү жаранга мыйзамсыз браконьерлик кылганы үчүн жүз миң сом айыппул салган. Бирок айыппул өз мөөнөтүндө төлөнбөгөндүктөн, ага тиешелүү 225 чарчы метр аянты бар жер тилкеси камакка алынган.

Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттиги кайрадан сотко кайрылып, камакка алынган жер тилкесин айыппулдун ордуна мамлекетке чегерүүнү сураган. 6-май күнү сот арызды канааттандырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG