Беш облуста жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого акыркы даярдык көрүлүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 54 783 шайлоо бюллетенин аймактарга өткөрүлүп берилди. Анын 742си орус, калганы кыргыз тилинде.
Бюллетендер Баткен (13721), Нарын (1825), Ош (22 821), Талас (8409) жана Чүй (8 007) облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилди.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2019-жылдын 19-майына дайындалган.
Шайлоого катышуу үчүн жалпы жонунан 569 талапкер катталган. (RK)