Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

АКШда мектептеги атышууда өспүрүм каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Колорадо штатында мектептеги атышуу бир өспүрүмдүн өмүрүн алды. Жети окуучу жарадар болгону кабарланды.

7-майда кечинде Хайлендс-Ранч шаарчасында жайгашкан илимий-техникалык мектепте эки киши окуучуларга ок аткан. Кылмышкерлер кармалды. Экөө тең бир кезде ушул мектепте окуганы маалым болду.

Хайлендс-Ранч 20 жыл мурда АКШ тарыхында эң кандуу калаба болгон Колумбайн мектебинен 10 чакырым алыс жайгашкан. Анда жогорку класстын эки окуучусу мектептегилерге ок атып, 13 адам, анын ичинде бир мугалим каза тапкан. 20дан ашуун өсүпүрүм жарадар болгон. Анда кол салгандар өздөрүн да атып салышкан.

XS
SM
MD
LG