Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Түркияда акысыз дарыланчу кыргызстандыктардын квотасы 150гө көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда акысыз дарыланган кыргызстандык бейтаптардын квотасы 150гө көбөйтүлдү. 2014-жылы Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык жыл сайын Кыргызстандан 100 бейтап Түркияга келип акысыз дарыланып кетет. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркиядагы расмий сапарында бул 100 кишилик квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлду.

Ошондой эле квота менен келген кыргызстандык бейтапка Түркиядагы тиешелүү оорукана «дарылоо мөөнөтү 90 күндөн узакка созулушу мүмкүн» деген тастыктама берсе, анда бейтап жана аны коштоп келген эки тууганы Түркияда туруктуу жашоо үчүн виза төлөмдөрүнөн бошотулат.

Эки өлкө ортосундагы саламаттыкты сактоо келишимине ылайык, жыл сайын Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота менен 100 бейтап келип дарыланат. Алардын элүүсүн Саламаттык сактоо министрлиги, калганын Түркия элчилиги тандап жиберет. (ElB)

XS
SM
MD
LG