Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Эхинококкоз илдетине чалдыккандар азаюуда


Эхинококкоз боор менен өпкөнү жабыркатат.
Эхинококкоз боор менен өпкөнү жабыркатат.

Кыргызстанда эхинококкоз илдетине чалдыккандар жылдан жылга азаюуда. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылга чейин бул оору көп катталып келген. Мисалы, ошол жылы 1185 адам эхинококкоз менен ооруган болсо, улам азайып жатып былтыр 906 адам болду.

Төрт жылга жетпеген мезгил аралыгында бул дартка чалдыккандар 279 учурга аз катталды.

Мындай көрсөткүчтү адистер 2013-жылдан бери ишке ашырылып жаткан «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун үзүрү катары баалап жатышат.

Адамдын боорун жана өпкөсүн жабыркатуучу эхинококкоз дарыланбаган иттен жугат. (RK)

XS
SM
MD
LG