Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Тыңчылык үчүн айыпталган Пол Уилан саясатка жем болгонун билдирди


Пол Уилан.
Пол Уилан.

АКШнын жараны Пол Уилан өзүнүн камакка алынышын «АКШнын Орусияга киргизген санкциялары үчүн орус бийлигинин жообу катары баалай турганын» туугандарына жазган катында айтты. Уилан жазган каттан үзүндүлөрдү «Foreign Policy» журналы жарыялады.

Биринчи катта Пол Уилан «BorgWarner» компаниясынан колдоо көрсөтүүнү суранган. Аталган компанияда Уилан коопсуздук боюнча директор болуп иштечү.

«Мунун баары 100% жумушка байланыштуу болду. «BorgWarner» компаниясына колдоо сурап кайрылгыла. Санкциялар үчүн өч алуу болду», деп кайрылган Уилан адвокаттарына.

Уиландын агасы Дэвид үй-бүлөсү бул маалыматты тактап жатышканын, бирок буга чейин адвокатка жиберген каттарды Пол Уилан жазганын белгиледи.

Экинчи катында Пол Уилан орус бийлиги «BorgWarner» компаниясына эч кандай дооматы болбогонун, бирок америкалык компанияга зыян келтиргиси келгенин жазган. Уилан анын визасы үчүн акчаны «BorgWarner» төлөгөнүн, ошол виза менен Орусияга досунун тоюна келгенин ырастайт.

Компания болсо комментарий берүүдөн карманып, Уиландын сапары компаниянын ишине байланыштуу болбогонун гана белгиледи.

Резервдеги мурдагы аскер Уилан былтыр декабрда Москвада кармалган. Орус коопсуздук кызматы ал тыңчылык кылган деп шек санап жатат. Соттун чечими менен 28-майга чейин камакка алынган Уилан өзүнө коюлган күнөөнү четке кагууда.

XS
SM
MD
LG