Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 94 жаштагы Шергазы Сүйүнов менен 95 жаштагы Сейдакмат Таштемировго айыл өкмөтү тарабынан, 9-май - Улуу Жеңиш майрамына карата автоунаа тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышып, ардагер аталарга белектерин ыйгарып, майрамдык каалоо-тилектерин билдирди.
Баткен облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 20766 киши аттанып, анын ичинен 14213 кайтып келген эмес. Учурда облус боюнча Ата Мекендик согуштун 19 ардагери бар. (JsA)