Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Хожент түрмөсүндөгү тополоң үчүн айыпталгандар 20 жылга соттолушу мүмкүн

Прокурорлор былтыр ноябрда Хожент түрмөсүндө чыккан тополоңду уюштуруу үчүн айыпталып жаткан жарандарга дагы 10-20 жылдан жаза мөөнөтүн кошууну өтүнүштү. 

Бул иш боюнча быйыл мартта башталган сот жабык өтүп жатат. Ага айыпталуучу катары абакта жазасын өтөп жаткан 30дан ашуун киши катышууда. Аларга «Киши өлтүрүү», «Денеге оор залал келтирүү», «Бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү» жана «Түзөтүү абагындагы режимди бузуу» беренелери боюнча айып коюлган.

Булактардын маалыматына караганда, айыпталуучулардын көбү буга чейин экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табылып, 15 жылдын 25 жылга чейин соттолушкан.

Абактагы тополоңду басуу учурунда расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки түрмө кызматкери курман болуп, дагы бешөө жарадар болгон. 

Тажик бийлиги айыпталуучулар тополоң уюштурууга төрт ай даярдык көргөнүн билдирген. Козголоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алган. Бирок камактагылар ИМ өкүлдөрүнөн эч кандай тапшырма албаганы кабарланууда.

​Хожент абагындагы тополоңдун чыгышына түзөтүү абагындагы кызматкерлердин камактагыларга катаал мамилеси себеп болгону айтылып келет. Буга байланыштуу түрмөнүн сегиз кызматкери камалган. Алардын арасында абактын башчысы Файзулло Сафарзода да бар.

XS
SM
MD
LG