Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:56

Тербишалиев «Кыял» бирикмесин жетектейт


Данияр Тербишалиев.
Данияр Тербишалиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев Бишкектеги Ош базарында жайгашкан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесине жетекчи болуп дайындалды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Тербишалиев өзү ырастады. Ал 7-майда бирикменин жамааты менен тааныштырылды.

- «Кыялдын» ызы-чуусу көп болуп кетти. Эми иретке келтиребиз. Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу келишимдердин баарын өткөрөбүз. Бул жер коррупциянын очогу болуп калыптыр. 40 жылдан бери бир киши башкарып, бир кишинин жеке менчик мекемесине айланган экен, - деди ал.

Буга чейин «Кыялды» Султанбек Макашов жетектеп келген. «Кыялдын» айрым соодагерлери жана кол өнөрчүлөрү ишкананын жетекчилерин ириде коррупцияга байланыштуу айыптап чыгышкан.

«Кыял» ишканасы Советтер Союзунун тушунда эле салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Азыркы имараты 1980-жылдардын аягында курулган. 2004-жылы президенттин жардыгы менен ишканага «мамлекеттик» деген макам ыйгарылган. Былтыр күзгө чейин Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болгон. 2017-жылы октябрь айында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун токтому менен президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн.

Өткөн жылдын соңунда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева бул ишканадагы коррупциялык көрүнүштөрдү айтып чыккан.

«Азаттык» «Кыялдан» кымырылган акча тууралуу иликтөө жасаган. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG