Бишкекте мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөн «Өлбөс полк» жүрүшү Жеңиш аянтында жыйынтыкталды. Президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев баштаган топ Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл койду. Президент сөз сүйлөп, элге тынчтык каалады:
- Биздин жаркын келечегибиз үчүн өмүрлөрүн арнаган аталарыбызга таазим этебиз. Бүгүнкү жүрүшүбүз алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналат. Элибизде ынтымак, тынчтык, аманчылык болсун!
«Өлбөс полк» жүрүшүнө мындан тышкары вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, шаардык кеңештин депутаттары жана башка саясатчылар катышты.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев согушка катышкан атасынын сүрөтүн көтөрүп үй-бүлөсү менен жүрүшкө катышкан. Бирок ал башка саясатчылар менен бирге алдыңкы катарда баскан жок. (AiA)