8-май күнү Бишкектин четиндеги Көлмө жаңы конушунун Дастан көчөсүндөгү үй өрттөнүп кеткен. Кырсык күндүзгү 12 чамасында болсо да, тилсиз жоо бат эле үйдү толугу менен жалмап кеткен. Үйдө жашаган тургундар өздөрүн аман алып калууга араң жетишкен. Өрт учурунда иске ууланган чоң энеси азыр ооруканада. «Балдардын коргоо» борборунун өкүлү Кумар Эргешованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, жети балалуу үй-бүлө учурда жардамга муктаж.
"Бүгүн короосуна боз үй тигип киришти. Аларга элдин жардамы керек: күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш, кийим-кече, идиш-аяктан тартып, үйдүн күйүп кеткен чатырын, ичин оңдогонго акча каражатына чейин муктаж болуп отурушат", - деди ал.
Өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө жардам которуш үчүн Элсом капчыгы ачылган. Номуру - (0700) 75-29-05. Үйү өрттөнүп кеткен Феруза Жундубаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, балдарынын улуусу 18 жашта, кичүүсү 1,5 жашта.
Баштапкы маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына электр зымдарындагы мүчүлүштүк себеп болгон. (ZKo)