Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Черногорияда төңкөрүш аракети үчүн 14 киши түрмөгө кесилди


Черногория соту. 9-май, 2019-жыл.
Черногория соту. 9-май, 2019-жыл.

Черногория соту 14 кишини бийликти төңкөрүү аракети үчүн айыптуу деп таап, түрдүү мөөнөткө түрмөгө кести. Алардын арасында өлкөнүн НАТОго киришине каршы чыгып келген «Демократиялык фронт» кыймылынын лидерлери да бар. 

Ошондой эле сот орус жарандары Эдуард Шишмаков менен Владимир Поповду ушул эле иш боюнча сыртынан 15 жана 12 жылга эркинен ажыратты.

Прокуратуранын маалыматына караганда, айыпталгандар 2016-жылдын күзүндө, парламенттик шайлоо өтөр күнү бийликти төңкөрүүнү көздөшкөн. Алар муну менен Черногориянын НАТОго кошулушуна бут тосууга аракет кылышкан. Айыптоочулар орусиялык жаран Попов бул күнү премьер-министр Мило Жукановичти өлтүрүш үчүн снайпер жалдаганын билдиришти.

Кремль бул маселеге эч тиешеси жок экенин айтып келет. Эки жыл мурда Черногория НАТОго мүчө болгон. Бул Кремлдин нааразылыгын жараткан эле.

 

XS
SM
MD
LG