Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Дамир Мусакеев мүлкүн көрсөтөт


Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тогузунчу башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев өзүнүн жана ата-энесинин, бир туугандарынын мүлкүн коомчулукка көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева кабарлады:

- Дамир Мусакеев Башкы прокуратура тараткан тизмеде көрсөтүлгөн объектилер боюнча маалымат берүүнү чечти. Тизмедеги көп объектилердин Мусакеевге тиешеси жок, аны өзү да айтып чыкты. Ага «мыйзамсыз байыган» деп айып коюлуп жатпайбы. Анын эч кандай байлыгы жок. Ал УКМК тарабынан берилген кызматтык батирде жашап жатат.

Буга чейин Мусакеев Башкы прокуратура анын байлыгына байланыштуу тараткан маалымат туура эмес экенин билдирген. Ал ийгиликке жетиш үчүн талбай иштеп келишкенин, өзүнүн үй-бүлөсүнө тийиштүү мүлктүн жалпы баасы прокуратура бергендей 20 млн. сом эмес, 500-600 миң сом болушу мүмкүн экенин айткан.

8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Көзөмөл органынын Мамлекеттик каттоо кызматына таянып билдиргени боюнча, кийинки убакта Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталган, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгы бул мүлк Мусакеев өзү гана эмес, анын жакын туугандары иштеп тапкан расмий кирешеден бир нече эсе кымбат экенин кабарлаган.

Мусакеев 9-кызматта 2010-2017-жылдары, 2016-жылдан тартып жетекчи болуп иштеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG