Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Министрдин мурдагы орун басары «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди


Данияр Абдыкаров.
Данияр Абдыкаров.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору Данияр Абдыкаров «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди. Бул маалыматты «Азаттыкка» сөз болуп жаткан гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев ырастады. Анын айтымында, Абдыкаров койгон доонун өлчөмү 10 млн. сом.

- Сотко бергенине бир айдан ашып калды, - деди Аслан Сартбаев. - Улам кошумча материалдарды киргизип жатат. Башында бир миллион сом болчу, эки миллион, үч миллион болуп атып азыр 10 миллион сомго жетти. Макала көп, эң негизгиси суроо эле бергенбиз. «Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнөн акча жасадыңыз беле?» деп суроо койгонбуз. Кийин «ИИМ эмнеге бул фактыны көтөрбөйт?» деп суроо койгонбуз. Эч кандай комментарий, текст да жазылган эмес. Жөн эле суроо коюлуп, экөөнүн сүрөтү менен эле чыгарып койгом.

Сартбаевдин айтымында, ишти Октябрь райондук соту карап жатат. Эмки сот 29-майга белгиленди.

Абдыкаровдун өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Киши колдуу болгону айтылган 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ошол учурда ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG