Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

«Аэрофлот» «Супержеттин» ондон ашуун каттамын токтотту


«Сухой Супержет-100».
«Сухой Супержет-100».

Орусиялык «Аэрофлот» компаниясы акыркы суткада «Сухой Супержет-100» (SSJ-100) учактары жүргүзмөк болгон ондон ашуун каттамды токтотту. Шереметьево аэропортунун онлайн-таблосу Астрахань, Краснодар, Нижний Новгород, Оренбург, Ростов-на-Дону, Самара, Саратов, Тюмень, Ульяновск, Уфа, ошондой эле Эстониянын борбору Таллин шаарларына каттамдарын токтотконун көрсөткөн. Азырынча анын так себеби белгисиз.

8-майдын кечинде Москвадан Ригага уча турган каттам эки саатка кармалган. Жүргүнчүлөр күйүк жыттанып жатканы тууралуу арызданган соң башка «Супержетке» которулган. Ушул эле күнү эртең менен Москва-Минск каттамы техникалык себептерден улам токтотулганы кабарланды.

«Сухой Супержет-100» – эгемен Орусияда жасалган алгачкы жүргүнчү учагы. 5-майда ушул үлгүдөгү учак Шереметьево аэропортуна авариялык конуу учурунда өрттөнүп, 41 кишинин өмүрү кыйылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары кырсыкка учкучтардын катасы себепкер деген болжол негизги болуп жатканын жазышты. Кырсыктын себебин иликтөө учурунда «Супержетти» колдонуудан чыгара туруудан бийлик баш тарткан.

XS
SM
MD
LG