Орусиялык журналист Сергей Доренко 59 жаш курагында Москванын борборунда жол кырсыгынан кийин каза болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал жолдо баратканда өзүн жаман сезгени өлүмгө башкы себеп болгон.
ТАССтын маалымдашынча, ал шаардын борборунда мотоцикл айдап баратып өзүн жоготкон. Журналисттин жүрөгү кармап калганы айтылып жатат.
Доренко 1990-жылдары, 2000-жылдардын башында көрүнүктүү журналисттердин бири болгон. Анын ар апта чыкчу маалыматтык программасы суу алдындагы Курск кемесинин чөгүп кетишине байланыштуу катуу сын менен чыккандан кийин 2000-жылы жабылган. Андан кийин журналист телеканалдарда иштеген эмес, бирок соңку жылдары “Москва сүйлөйт” радиостанциясынын башкы редактору болуп турган.
Ал 2007-жылы, 1998-жылы ФСБнын офицери Александр Литвиненко жана башка кызматкерлери менен болгон маегин жарыялаган соң газеталардын негизги темасына илинген. Маекте кызматкерлер белгилүү саясатчы жана ишкерлерди уурдап же шантаж кылууга буйуртмалар болгонун ачык айтышкан.
ФСБнын мурдагы офицери, Орусиядан 2000-жылы чыгып кеткен Литвиненко Путиндин сынчысына айлангандан кийин, 2006-жылы Лондондо радиоактивдүү полоний-210 заты кошулган чай ичкенден кийин ууланып мерт болгон.
Орусия бийлиги анын өлүмүнө тиешеси жоктугун айткан.