Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Жалал-Абад шаарында мунай базасы өрттөнүп жатат


Күйүп жаткан нефтебаза. Жалал-Абад шаары. 10-май, 2019-жыл.
Күйүп жаткан нефтебаза. Жалал-Абад шаары. 10-май, 2019-жыл.

Шаардын Көк-Арт кичи шаарчасында жайгашкан мунай иштетүүчү заводдон өрт чыгып, базадагы май сактоочу идиштер күйүп жатат. Өрт өчүрүүгө үч автоунаа тартылган. Шаардын бул аймагы өнөр жай тармагы болуп саналат жана сегиз нефтебаза жайгашкан. Азырынча өрттүн себеби жана башка маалыматтар бериле элек.


Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Майрамбек Адылбековдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, күйүп жаткан мунай иштетүүчү базанын кызматкерлери толугу менен эвакуацияланган, жапа чеккендер жок. Вице-мэрдин айтымында өрттөн башка мунайбазаларга коркунуч жок. (RsK)

XS
SM
MD
LG