Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Жалал-Абаддагы өрттү өчүрүүгө Оштон кошумча күч тартылды


Жалал-Абаддагы нефтебазадагы өрттү өчүрүүгө кошумча күчтөр тартылууда. 10-май, 2019-жыл.
Жалал-Абаддагы нефтебазадагы өрттү өчүрүүгө кошумча күчтөр тартылууда. 10-май, 2019-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, министр Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен Ош облусунан кошумча өрт өчүрүү бөлүмү жана көбүк алынып келинди.

Ушул тапта мунайды кайра иштетүүчү ишканадагы өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылды. Мындан тышкары ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаасы, РЭТ кызматынан бир бригада, "Тез жардам" кызматынан бир бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон эки өрт өчүрүүчү автоунаа, Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынан өрт өчүрүүчү автоунаа тилсиз жоону өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө.

Өрт болуп жаткан аймактан 2000ге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган. Кошумча маалымат берилет.

Азырынча өрттүн эмнеден улам тутанганы жана жалын чалган аянттын көлөмү аныктала элек.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрттөнүп жатканы тууралуу кабар 10-май күнү, саат 10:00 чамасында келип түшкөн.

Шаардын бул аймагы өнөр жай тармагы болуп саналат жана сегиз нефтебаза жайгашкан.(RsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG