Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү алмашты

Луиза Чемберлен. (Сүрөт ПРООНдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды).
Луиза Чемберлен. (Сүрөт ПРООНдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды).

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү кызматына 8-майда Луиза Чемберлен киришти. Бул тууралуу уюм "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу маалымдады. 

2018-жылдын декабрынын 2019-жылдын май айына чейин Чемберлен уюмдун Эфиопиядагы туруктуу өкүлү болгон. Въетнамда, Танзанияда, Шри-Ланкада жана Сомалиде да иштеген. Ага чейин Дүйнөлүк банкта эмгектенип, Палестинадагы долбоорлордун аткарылышына көз салган. 

Луиза Чемберлен Швециядагы Стокгольм экономикалык мектебинин магистратурасын аяктаган. Эмгек жолун 1994-жылда баштаган. 

XS
SM
MD
LG