Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Казакстан Ирак менен Сириядан 231 жаранын алып келди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

7-9-май күндөрү Сириядан Казакстандын 231 жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу президент Касым-Жоомарт Токаевдин билдирүүсүн "Фейсбуктагы" баракчасына Акорданын басма сөз катчысы Берик Уали жайгаштырды.

Билдирүүгө караганда, “Жусан” операциясынын алкагында мекенине кайтарылгандардын арасында 156 бала бар, көбү мектеп жашына толо электер, 18и жетимдер. Аларга медициналык, психологиялык жана социалдык жардам берилди.

9-январда экс-президент Нурсултан Назарбаев Сириядан 47 казакстандык алып келингенин билдирген. Ошондо аялдар менен 30 чакты балдар бар болчу.

Былтыр Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери Сирия менен Иракка 800дөй казакстандык кеткенин маалымдаган. Мекеме ал эки өлкөдөгү эл аралык террордук топтордо казакстандык 120 эркек, 250 аял жана 500 жашы жете элек бала жүргөнүн белгилеген.

XS
SM
MD
LG