Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Киевде активисттер Сенцовдун камалышынын беш жылдыгын белгилешти


Украинада активисттер режиссер Олег Сенцовдун камалышынын беш жылдыгын белгилешти. Орусияда террорчулук үчүн айыпталып 20 жылга кесилген Сенцовдун соттолушун эл аралык укук коргоочу уюмдар менен Батыш мамлекеттери саясий иш деп сындап келатышат.

Кара кийим кийген, ооздорун чаптап, колдоруна кишен салып чыккан активисттер жума күнү Киевде жүрүш өткөрүштү. Алар Батыштын 14 элчилигинин жанына токтоп жатышты. Активисттер Орусия саясий себептерден улам камаган украиналыктардын абалына көңүл бурдурууну көздөшөрүн айтышты.

Крымда туулуп өскөн Сенцов 2014-жылы жарым аралдын Орусия тараптан аннексияланышына каршы чыккан. Ошол жылдын 11-майында аймактын Москва дайындаган бийлиги аны камакка алган. Режиссерго орусиячыл уюмдарга кол салууну көздөгөн деген күнөө тагылган.

XS
SM
MD
LG