Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Сахабада алыш күрөшүнөн эл аралык мелдеш өттү


Жеңиш майрамынын урматына Оштун Ноокат районундагы Сахаба сейил багында 9-май күнү алыш күрөшүнөн эл аралык мелдеш өттү. Анын жыйынтыгы төмөнкүчө болду:

70 кг салмакта:
1-орун - Үсөн Жаныбек уулу (Кыргызстан);
2-орун - Кабыл Абдилаим уулу (Кыргызстан);
3-орун - Сардар Мадаминов (Өзбекстан);
3-орун - Пардабай Мустапакулов (Тажикстан).

80 кг салмакта:
1-орун - Нургазы Акунов (Кыргызстан);
2-орун - Илхом Машрапов (Өзбекстан);
3-орун - Дамир Жамалдин уулу (Кыргызстан);
3-орун - Махсуджон Чураев (Тажикстан).

80 кг жогору салмакта:
1-орун - Абудали Мавлянов (Өзбекстан);
2-орун - Мыктыбек Каныбек уулу (Кыргызстан);
3-орун - Зайнобидин Артыков (Өзбекстан);
3-орун - Ымангазы Койлуев (Кыргызстан).

Мелдешке күбө болгондор таймашка көз салганы 20 миңдей киши келгенин айтышты.

Ноокатта күрөш бир канча жылдан уюштурулуп келатат. Спорттун бул түрүн эл аралык чоң деңгээлге чыгарууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баяман Эркинбаев көп эмгек жумшаганы айтылып жүрөт. Соңку жылдары парламент депутаты Алтынбек Сулайманов уюштуруп келет. Быйыл Алыш белбоо курөш федерациясынын вице-президенти, жеке ишкер Советбек Рустамбек уулу өткөрдү.

XS
SM
MD
LG