Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

Неймар сүрөөнчүнү муштаганы үчүн жазаланды


Неймар
Неймар

Франциянын футбол федерациясы "Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) клубунун оюнчусу Неймарды сүрөөнчүнү муштап калганы үчүн үч оюндан чыгарды. "Le Parisien" басылмасы билдиргендей, футболчуга дагы эки беттешке катышууга шарттуу тыюу салынды. Чечим 13-майда күчүнө киргендиктен, 11-май күнү ал ПСЖ менен "Анже" клубдарынын беттешине катышат.

Окуя Франция кубогунун финалында, ПСЖ "Ренн" клубуна утулган кезде болду. Неймар күмүш медалды алуу үчүн трибунага баратканда аны телефонуна тартып алган күйөрманды "мазактап жатат" деген таризде бетке уруп жиберген.

Мурдараак ПСЖ "Манчестер Юнайтедге" утулгандан соң, Неймар арбитрдин чечимине "Инстаграмда" этикага жатпаган мүнөздө пикир жазганы үчүг Чемпиондор лигасынан четтетилген.

27 жаштагы Неймар атагы чыккан футболчулардын бири.

XS
SM
MD
LG