Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Таласта «Маданият сенден башталат» аттуу фестиваль өтүп жатат


Фестивалда тартылган сүрөт.
Фестивалда тартылган сүрөт.

Таласта «Маданият сенден башталат» деп аталган балдардын искусство фестивалы өтүп жатат.

11-майда Талас шаарынын борбордук аянтында 19 боз үй, 30га чукул чатыр тигилип, адистер алардын ичинде кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу өңдүү өнөрлөрүн башкаларга үйрөтүүдө.

Иш-чарага президенттик аппараттын «Манас» оркестри да катышып, концерттик программаларды тартуулап жатат.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган саамалыкка 2 миңге чукул жергиликтүү тургун күбө болууда. Ага экс-президент Роза Отунбаева жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышууда.

Балдар фестивалы акындардын поэзия кечеси менен жыйынтыкталат. (AlS)

XS
SM
MD
LG