Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

«Run the Silk road»: Маслова менен Кыштакбеков биринчи келишти


Дарья Маслова жана Адилет Кыштакбеков.
Дарья Маслова жана Адилет Кыштакбеков.

Ысык-Көлдө 11-майда өткөн 8-эл аралык «Run the Silk road» марафонунда 42 км. 195 метр аралыкка чуркоодо кыз-келиндерден Дарья Маслова, эркектерден Адилет Кыштакбеков биринчи келишти. Уюштуруучулар жеңүүчүлөргө 4000 доллар өлчөмүндө байге убада кылышкан.

Эркектерден экинчи жана үчүнчү орундарды өзбекстандык марафончулар Шахрух Давлятов жана Андрей Петров ээлешти.

Аялдардан экинчи болуп кыргызстандык Юлия Андреева келди. Үчүнчү орунду кытайлык спортчу Пун Ынли алды.

Марафонго 27 өлкөдөн 3 миңге чукул киши катышты. Алар 42 чакырым 195 метр, 21 чакырым 97 метр (жарым марафон), 10 жана 3 чакырым аралыкта чуркашат. Андан сырткары 3 чакырым скандинавиялык жүрүш болору да айтылган.

Жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашты.

Иш-чарага байланыштуу Балыкчы-Ананьево–Каракол жолунда автоунаалардын жүрүшүнө кечки саат 17:30га чейин чектөө коюлду. Машинелер убактылуу Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолу менен жүрөт.

Марафонду Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, Улуттук олимпиада комитети, Жеңил атлетика федерациясы жана «Эл аралык марафон боюнча дирекциясы» коомдук уюму уюштурду. Жалпы байге фонду 2 млн. 790 миң сомду түзөт. (GT)

XS
SM
MD
LG