Калкынын көбүн мусулмандар түзгөн Түркмөнстанда быйыл орозо кармагандар азайды. "Азаттыктын" түркмөн кызматына сүйлөп берген айрым кишилер буга өлкөдөгү экономикалык кризис себеп болгонун айтса, кээ бирлери "экстремист" деген айыптан коркуп, шарияттын бул амалын аткарбай жатканын билдиришкен.
Быйыл Рамазан айы келгенин, качан башталарын Түркмөнстандын муфтияты жарыя кылбады. Мамлекеттик маалымат каражаттары да бул жаатта эч кандай кабар беришкен жок. Муфтий жону жука кишилерге жардам берүүгө чакырган гана фатва чыгарды.
"Азаттык" радиосу мамлекеттик мекемелерден, диний уюмдардын комментарий ала алган жок.
Рамазан айына байланыштуу быйыл дүйнө мусулмандары 6-майдан тарта 30 күндүк орозо кармай баштаган.
Адам укугун коргогон эл аралык уюмдар Түркмөнстанда дин эркиндигине коюлган чектөөлөрдү сындап келет. 2019-жылдын апрелинде АКШнын Дин жана ишеним эркиндиги боюнча комиссиясы Түркмөнстанды өзгөчө тынчсыздануу жараткан мамлекеттердин катарына кошкон.