Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев орусиялык өзбек тектүү миллиардер, бизнесмен Алишер Усмановду "Достык" ордени менен сыйлады.
Акордонун сайтындагы кабарга ылайык, Усмановго биринчи даражадагы орден Казакстан менен Орусиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн берилди.
Өзбекстанда төрөлгөн Алишер Усманов "Forbes" журналынын рейтингинде дүйнөдөгү бай кишилердин катарын толуктап келүүдө. Анын байлыгы 2018-жылы 12,6 миллиард долларга барабар экени айтылган.
2018-жылдын январында АКШнын Каржы министрлиги жарыялаган баяндамада Усмановдун аты-жөнү орус өкмөтүнө жана президент Путинге жакын олигархтардын бири катары аталган.